Жалал-Абадда уюштурулган “Түнкү өспүрүм” аталышындагы рейддин алкагында ондогон баланын ата-энесине айып пулдар салынды

Жалал-Абадда уюштурулган “Түнкү өспүрүм” аталышындагы рейддин алкагында ондогон баланын ата-энесине айып пулдар салынды

Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүн билдиришти. Маалым болгондой, мындан ары калаа аймагында “Эмгек өспүрүм жана Түнкү өспүрүм» аталышындагы рейддер байма-бай жүргүзүлүп турат.

«Рейддик иш чарага шаарынын мэриясынын балдар иштери менен иштөө комиссиясынын өкүлдөрү, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте уюштурулган. Шаардын аймагында түнкү саат 22:00дөн кийин ата-энесинин же болбосо мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөргө багытталган. Анда 37 жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталып, 26 өспүрүмдүн ата-энелерине же аларды алмаштырган мыйзамдуу өкүлдөрүнө Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренеси менен протокол толтурулуп 10 эсептик көрсөткүчтөгү айып пулдар салынды»,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.