Ноокенде кызыл китепке кирген сойлоп жүрүүчү жаныбарды кармап алган жаранга 10 миң сом айып пул салынды

Мындай маалыматты экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Дурусбек Залимбеков билдирди. Анын айтымында жаныбардын өлүгү каналдан агып келген.
«5-июнь күнү социалдык тармактарда Ноокен райнунун Арал айылында жергиликтүү тургун айылдын ички каналынан кызыл китепке кирген сойлоп жүрүүчү Боз эчки ээмер (Варан) жаныбары өлүп, агып келе жатканын көрүп кармап алып, анын видеосун тараткан. Анын негизинде биздин кызматкерлер жерине барып жаныбарды кармаган кишини таап ага, Укук бузуу кодексинин 261-1 беренеси менен протокол толтурулуп, 10 000 сом айып пул салынды салынды»,-деди Д. Залимбеков.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында кызыл китепке кирип, жоголуп кетүү коркунучунда турган ондон ашуун жаныбардын түзү бар. Адистердин айтымында алардын саны миңге чукул.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
12-июлундагы № 384 токтому менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген:
Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, курамында мумия
бар минералдык чийки заттарга жана козу карындарга юридикалык жана жеке
жактар тарабынан келтирилген зыян үчүн айыптарды эсептөөнүн жаңы ставкалары
белгиленген.
Илбирске- 1.5 млн болчу, эми- 2 млн болду. Бугу (Марал), Кулжа (Аркар), Күрөң аюу жана Жейренге 1 млн болчу эми 1.5 млн болгон