Жалал-Абадда апта ичинде спирт ичимдигин ичип алып, унаа башкарган 42 айдоочу кармалып чара көрүлдү

Жалал-Абадда апта ичинде спирт ичимдигин ичип алып, унаа башкарган 42 айдоочу кармалып чара көрүлдү

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди. Маалым болгондой, узаган аптада дубанда жол кыймылынын эрежесин бузган 2566 айдоочуга админстративдик протокол толтурулган. 
Жол кыймылын жөнгө салган инспекторлор жалпы 2500дөн ашуун эреже бузган айдоочуну аныктады. Алардын ичинен 1177 айдоочу белгиленген ылдамдыкты ашыра айдаса, 31 айдоочу унааларынын тиешелүү документтери жок башкарган. 139 айдоочу унааны карама-каршы тилкеде башкарса, 9 айдоочу унаасын уруксааты жок алдыңкы терезелерин караңгылатып алган. Алардын ичинен 162 унаа айып короого токтотулду”,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.