Жалал-Абадда жыл башынан бери 6 билим берүү мекемесинде өрт кырсыгы орун алды

Бул маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын бөлүм башчысы Чынарбек Шекенов билдирди. Анын айтымында тилсиз жоодон жалпы 4 млн сомдон ашуун материалдык зыян келген.
«Быйылкы жылдын 6 айында дубандагы 3 мектеп жана 3 балдар бакчасында өрт кырсыгы орун алды. Алардын ичинен эң ири делгени Сузактын Барпы айыл аймагындагы жеке менчик мектепте болду. Мектептин 3 кабаты, чатыры күйүп жараттан чыккан имаратка 3 млн 409 миң сомдук зыян келген. Калган чыгаша балдар бакчалары жана мектептерде орун алган»,-дейт ал.