Облус башчысы “Асман Резиденс – 2” жана “Асман Резиденс – 3” турак жай комплекстеринин курулуш иштери менен таанышты

Облус башчысы “Асман Резиденс – 2” жана “Асман Резиденс – 3” турак жай комплекстеринин курулуш иштери менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгындагы Р. Азимов жана Жени-Жок көчөлөрүндө жайгашкан “Асман Резиденс – 2” жана “Асман Резиденс – 3” көп кабаттуу турак жай комплекстеринин курулуш иштери менен жеринде таанышты.
Бүгүнкү күндө аталган комплекстерде 9 кабаттуу, жалпысынан 600гө жакын батирди камтыган турак жайлардын курулушу активдүү жүрүп жатат. Долбоор Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланууда.
Ыйгарым укуктуу өкүл курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну, жумушчу күчүн көбөйтүү аркылуу иштин темпин ылдамдатууну, белгиленген графикке ылайык курулушту өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Курулуш жумуштары аяктаса, батирлер Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай алуу кезегинде турган муктаж жарандарга бөлүштүрүлөт.