“Мейкин Азия” фестивалына катышуучулар кайсы өлкөлөрдөн келет?

Ысык-Көлдө өтүүчү эл аралык “Мейкин Азия” эстрадалык ыр фестивалы быйыл дагы таланттуу жаштарды бириктирет. Бул ирет фестивалга дүйнөнүн 25тен ашык мамлекеттен келген жаш ырчылар катышат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.
Анын айтымында, алардын ар бири өз өлкөсүн эл аралык деңгээлде таанытууну максат кылып, сахнада өзгөчө номерлерин тартуулашат. Фестивалдын негизги максаты музыка аркылуу элдердин ортосундагы достукту жана маданий алакаларды чыңдоо, жаш таланттуу аткаруучуларды табуу жана колдоо, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү, маданий диалог аркылуу маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо.
Быйыл “Мейкин Азия” фестивалына катышуучулар төмөнкү мамлекеттерден келет:
- Полина Тасева – Македония
- Анджела Шутич – Сербия
- Эсма Нуманович - Босния жана Герцеговина
- Габриэла Брайчич – Хорватия
- Майя Маринчич – Словения
- Невена Пейкова – Болгария
- Ариана Доготар – Молдавия
- Виталь Карабальо – Аргентина
- Дауд Шалхуб – Испания
- Фредерик Д`Анджело – Франция
- Маммадли Санан Камран оглу – Азербайжан
- Франклин Каллея – Мальта
- Мария-Диана Стынчуляша – Румыния
- Дроб Виталий – Беларусь
- Виктория Рубин – Польша
- Христос Телевандос - Греция
- Кира Гоголадзе - Россия
- Алмас Хусаинов – Татарстан
- Альфия Нигматуллина - Башкортостон
- Avarzed Naranbaatar – Монголия
- Аса Едже - Түркия
- Бекжан Кайратулы – Казакстан
- Тулкин Таджиев - Өзбекстан
- Кирилл Матвеев - Якутия
- Сафарзода Афзалшолх – Тажикстан.