Мейкин Азия – 2025. Ысык-Көл 25тен ашуун өлкөнүн ырчыларын чогултат

Үстүбүздөгү жылдын 20-22-июль күндөрү IV Ысык-Көл эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын "Мейкин Азия" фестивалы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.
Анын айтымында, фестивалга дүйнөнүн 25тен ашык мамлекеттеринин өкүлдөрү, таланттуу жаш эстрада ырчылары катышат. Ар бир сынак Кыргызстандын жана чет өлкөлүк белгилүү жылдыздардын катышуусунда концерттер менен коштолот. Фестивалдын ардактуу коноктору I "Мейкин Азия" фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak болушат. Жыл өткөн сайын иш-чаранын масштабы чоңоюп, катышуучулардын географиясы кеңейип жатат.
“Бул жылы биз ачык улуттук тандоону уюштурууга өзгөчө көңүл бурдук. Улуттук тандоо 12-июлда УТРКнын түз эфиринде өттү. Ага 19 аткаруучу катышып, үч жеңүүчү аныкталды. Алардын бирин көрүүчүлөр онлайн добуш берүү аркылуу тандап алышты. Бул жеңип алган аткаруучу, фестивалда Кыргызстандын намысын коргойт.
Ушундай эле онлайн добуш берүү системасы негизги фестивалда да колдонулат. Ал жерде чоң экранда QR-коддор болот, аны менен көрүүчүлөр каалаган катышуучусуна добуш бере алышат. Быйыл фестивалга даярдыктар өзгөчө көрүлдү. 20-июлда фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. 21-июлда фестивалдын экинчи туру өткөрүлөт. 22-июлда фестивалдын жабылышы өтөт. Бул күнү Димаш Кудайберген ырдап, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт”,-деди ал.
Ошондой эле Ажымалиев фестивалдын негизги максаты музыка аркылуу элдердин ортосундагы достукту жана маданий алакаларды чыңдоо, жаш таланттуу аткаруучуларды табуу жана колдоо, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү, маданий диалог аркылуу маданий мурастарды өнүктүрүү жана сактоо экенидигин кошумчалады.
“Биз бул фестивалды бүткүл дүйнөлүк фестивалдар ассоциациясына киргизүүгө расмий түрдө арыз бердик. Быйыл фестивалды 70тен ашуун эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырат. Бул дүйнөнүн алдыңкы маданий аянтчалары менен кызматташууга шарт түзөт. Кесиптик байланыштарды кеңейтет. Кыргызстандын маданий иш-чараларда активдүү катышуучу катары статусун жогорулатат”,-деди ал.
Ал белгилегендей фестивалдын калыстар тобунун курамы төмөнкүдөй:
Калыстар тобунун тобунун төрөгасы:
- Марьян Катароски Түндүк Македония;
Калыстар тобунун мүчөлөрү:
- Ырыскелди Осмонкулов - Кыргызстан;
- Мая Татич - Босния жана Герцеговина;
- Эрзинжан Гурдал - Түркия;
- Айтжан Нурмагамбетова - Казакстан;
- Наталья Баннова - Россия;
- Аваз Мансуров - Өзбекстан.
Калыстар тобу татыктуу аткаруучуну тандап чыгышат деген үмүттөмүн”,-деди ал.
КР Эл артисти, “Мейкин Азия” сынагына тандоо боюнча калыстар тобунун мүчөсү Ырыскелди Осмонкуловдун айтымында, мындай фестивалдар көп таланттарды чоң сахнага чыгарууга мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
“Бул сынак көптөгөн жаштарга чыгармачылыгын көрсөтүүгө, өзүн таанытууга жол ачууда. Кээ бир таланттар элге көрүнбөй калып жатат. “Мейкин Азия” фестивалы алардын үнүн угузуп, келечекте кесиптик деңгээлде өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Мындай иш-чаралар маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Биз калыстар катары эң негизгиси талант, үн, сахна маданиятына көңүл бурабыз. Жылдан-жылга катышуучулардын деңгээли өсүп жатканы кубандырат. Ошондой эле мындай фестивалдар аркылуу кыргыз музыкасынын даңкы алыскы өлкөлөргө чейин угулуп, маданий байланыштар бекемделет”,-деди ал.