Облус башчысы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салды.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүү бийлик жана айыл тургундарын куттуктап, бул аракет – мамлекеттин аймактарды өнүктүрүүгө жана жергиликтүү өз алдынча
башкарууну органдарынын жумушун бекемдөө, заманбап, ыңгайлуу мамлекеттик тейлөө шарттарын түзүүгө багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпысынан 43 миллион 288 миң сомдук курулуш иштери аткарылат. Имарат эки кабаттан туруп, бардык керектүү шарттар менен камсыздалат.
Белгилей кетсек, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагында жалпы 20 миң 366 калк жашайт.