Тилек Текебаев Сузак районундагы жаңы кирпич заводунун курулуш иштери менен таанышты

Тилек Текебаев Сузак районундагы жаңы кирпич заводунун курулуш иштери менен таанышты
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Сузак айыл аймагына караштуу Сасык-Булак участкасында жайгашып, кытайлык инвестор тарабынан курулуп жаткан кирпич заводундагы иштердин жүрүшү менен таанышты.
Заманбап технологиялар менен жабдылган бул ишкана суткасына 200 миң дана кирпич чыгаруу кубаттуулугуна ээ болот. Заводдун расмий ачылышы быйыл, Эгемендүүлүк майрамынын алкагында өткөрүү пландалган.
Учурда курулуш иштеринде 32 адам эмгектенип жатат. Завод ишке толук киргенден кийин 100гө чейин туруктуу жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө. Долбоордун жалпы наркы 4 миллион АКШ долларын түзөт.
Облус башчысы Тилек Текебаев курулуштун сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.