«Бир айдан бери чаң басып жатат» курулушу солгун жүрүп жаткан «Арстанбап-Базар-Коргон» унаа жолунун курулушу жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгын жаратты

«Бир айдан бери чаң басып жатат» курулушу солгун жүрүп жаткан «Арстанбап-Базар-Коргон» унаа жолунун курулушу жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгын жаратты

Чарбак айылынын тургуну Шерзат ушул күндөрдө көчөдө жүрүү мүмкүн эмес экенин айтат.

«Жолдун курулушунун башталганына 1 айдан өттү. Башта техникалар эски асвальтты сыйрып, ордуна шагыл төшөп жакшы иштеп жаткан. Кийинчерээк жолчулар да, техникалар да иштебей калды. Азыр негизги жолдун чаңы чыгып жатат. Күнүнө 5-6 жолудан суу сээп жатабыз. Антпесе ары-бери өткөн унаалардан чаң асманга көтөрүлүп, дем алууга кыйын болуп калды. Азыр туристтик сезон башталганы үчүн да техниканын саны арбыды, айла кеткенден жолго таш тизип да салдык. Эртерээк курулушту баштаса жакшы болмок»,-дейт жергиликтүү жашоочу.

Ушул күндөрү Арстанбапка эс алууга барган ички туристтердин саны арбыган, бирок ага алып барчу негизги жолдун абалынын начар болушу эс алуучуларга ыңгайсыздык жараткандай. Алардын бири Акылай буларга токтолду.

«Дем алыш күндөрү үй-бүлөбүз менен тоо боорунда эс алуу үчүн Арстанбапка келгенбиз. Бирок жолдун курулушу аягына чыкпаганы бизге жакка жок. Чаң жол, жол катар жаман жолдо дөңгөлөгү жарылган айдоочулар, ыңгайсыздык жаратты. Жергиликтүү бийлик, жолчулар баары бул учурда туристтик сезон болоорун жакшы билет, эмнеге алдын ала даярдан эмес. Биздин мамлекет башчыларыбыз өлкөбүз туристтик потенциялы бар мамлекет экенин айтып келет, бирок эс алуучуларга шарттын жоктугу өкүндүрдү»,-дейт эс алуучулардын бири Акылай.

Буга чейин, Базар-Коргон—Арстанбап унаа жолунун 6 чакырым аралыгын райондогу №50 жол тейлөө мекемеси оңдоп жатканы айтылган.  Мекеменин жетекчиси Календер Сагымбаев курулуш иштери 2 айда толугу менен аяктаарын айткан.

Маалым болгондой, сөз болуп жаткан унаа жолдун жалпы узундугу болжол менен 50 чакырымды түзөт. Унаа жол Арстанбап айыл аймагынын калкын район борбору менен байланыштырып гана тим болбостон, жаңгак токойлуу туристтик аймакка алып барган жалгыз жол болуп саналат.