Базар-Коргон-Арстанбап унаа жолу оңдолуп жатат

Мындай маалыматты райондогу №50 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Календер Сагымбаев билдирди. Анын айтымында курулуш иштери 2 айда толугу менен аяктайт.
«Ушул тапта аталган унаа жолдун 33,5-39,5-чакырымдарында оңдоо иштери жүрүп жатат. Тагырагы жеринде 7-8 техника жана жумушчулар эски асфальтты сыйрып, анын оордуна шагыл төгүп, жолду тегиздеп жатышат. Оңдолуп жаткан жолдун узундугу 6 чакырымды түзөт, унаа жолдун 6,5-7 метрге чейин кеңейтилет. Курулуш иштери июль айынын аягына чейин толугу менен аягына чыгарылат»,-деди К. Сагымбаев.
Сөз болуп жаткан унаа жолдун жалпы узундугу болжол менен 50 чакырымды түзөт. Унаа жол Арстанбап айыл аймагынын калкын район борбору менен байланышытырып гана тим болбостон, жаңгак токойлуу туристтик аймакка алып барган жалгыз, негизги жол.