Жалал-Абадда В. И. Лениндин эстелиги алынды

Шаардык мэриядан билдиргендей аны алууга эстеликтин эскилиги жеткени жана калаадагы Токтогул көчөсүн кеңейтүү себеп болгон.
«Шаардагы «Мир» кинотеатырынын алдындагы В. И. Лениндин эстелиги алдынды. Буга чейин эки каттамдуу болгон Токтогул көчөсүнүн бир тарабы, тагырагы мурдагы УКМКнын имаратынын алдына келип, токтоп калчу. Азыр жолду улантып, ага удаа эле аллеяны да кеңейтүү планы болгондуктан эстеликти алууга туура келди. Башта эстелик шаардагы эс алуу бактарынын бирне жылдырылат болуп жаткан, бирок анын эскилиги жеткендиктен толугу менен алынды»,-деп айтылат шаар бийлиги тараткан маалыматта.
Кошумчалай кетсек, сөз болуп жаткан В. И. Лениндин эстелиги аталган жерге 1943-жылы тургузулган.
22-апрель - дүйнөлүк пролетарияттын жол башчысы жана Совет мамлекетин түптөгөн Владимир Лениндин туулган күнү. Совет доорунда бул күн өзгөчө шаң менен белгиленип, Лениндин эстеликтерине гүл коюлчу. Ал эстеликтер Кыргызстандын булуң-бурчунда азыр да турат. Болгону ага мурдагыдай көңүл бурулбайт.