Жалал-Абадда мыйзамсыз сакталган 6 ок атуучу курал алынды

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
«Буга чейин Ички иштер министрлиги элди мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшыруу боюнча бир айлык атайын тескемеси чыгарылган. Анын алкагында 9-июнга чейинки аралыкта облус аймагында 6 киши куралдарын тапшырган. Алардын ичинен бешөөсүнүн куралдарынын эскилиги жетип, өз ыктыяры менен тапшырган. Ал эми, бир киши куралын атып жаткан учурда кармалып, ага карата кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат»,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.
Буга чейин, ИИМ элди мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшырууга чакырган. Анда ок-дарыны, куралды же жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандарга 1 600 сомдон 16 000 сомго чейин сый акы каралганы кошумчаланган.
Ушул тапта милиция кызматкерлери элге курал-жаракты мыйзамсыз сактагандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертилип, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жасоо, сатып алуу, сатуу же алып жүрүү үчүн 100 000 сомго чейин айып пул салынат. Ошондой эле түзөтүү жумуштары же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу каралган. Эгер өз ыктыяры менен тапшырса кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат