Жалал-Абад: мындан ары шаардын жолдорун булгаган айдоочуларга чараларды көрүлөт

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана кызматкерлерине жыйын өткөрүп, шаардын жолдорун булгаган айдоочуларга чараларды көрүү боюнча тапшырма берди.
Шаар башчысы тазалыктын жумушчулары күнү-түнү көчөлөрдү тазалап жаткандыгын, ошол эле учурда алардын эмгегин баалабаган айдоочулар жүк ташуучу унааларына кум, шагыл, топурактарды белгиленген өлчөмдөн көп жана үстүн ачык жүктөп, жолдорду булгап жаткандыгын белгиледи.
Эске салсак, буга чейин шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков да калаадагы көчөлөрдү булгаган айдоочуларга чара көрүү зарыл экенин көтөрүп чыккан болчу.