Мындан ары Кыргыз – Өзбек медицина кызматкерлери кызматташат

Мындан ары Кыргыз – Өзбек медицина кызматкерлери кызматташат

Мындай меморандумга 17-майда кол коюлду. Делегаттардын жолугушуусу Жалал-Абад санаториясында уюштурулуп, ага КРнын Саламаттык сактоо министринин Жалал-Абад облусундагы координатору Өмүрбек Махмаджунус уулу, «Жалал-Абад санаториясынын» башчысы Рамиз Каимов жана Ташкенттеги Республикалык онкологиялык борборунун өкүлү Бахадыр Пирназаров, Ташкен шаардык реаблитациялык борборунун өкүлү Сирожиддин Калмоминов катышты. Тараптар жолугушууда кызматташтыктын 4 багыты боюнча 5 меморандумга кол коюшту.

Координатор Ө. Махмаджунус уулу эки өлкөнүн медицина кызматкерлеринин карым-катнашын арттыруу эки өлкө башчыларынын тапшырмаларына ылайык ишке ашып жатканын айтты.

«Акыркы мезгилде медицина тармагы күн сайын өркүндөп жатат. Ошол эле учурда коңшу өлкөдөгү кесиптештер заман талабына ылайык, заманбап жабдуулардын көмөгү менен операцияларды жасап же бейтапты жаңы ыкмада даарылап жатат. Албетте кызматташтыктын артында мед кызматкерлер бири-бири менен пикир алмашып, тажрыйба бөлүшүшөт»,-дейт ал.

Ал эми, Өзбекстандагы Республикалык онкологиялык борборунун медициналык туризм бөлүмүнүн мүдүрү Бахадыр Пирназаров кол коюлган келишимдерде эмнелер көрсөтүлгөнүн түшүндүрүп өттү.

«Буга чейин айтылгандай кызматташтыкта 4 багыт боюнча келишимдерге кол койдук. Бизди кызыктырганы «Жалал-Абад санаториясы» болду. Аталган эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо зонасынын жалпы аянты 30 гектардан ашуун аянтты ээлейт экен. Келишимде мында кошумча имараттарды куруу, иштебей турган эски имараттарды ишке түшүрүү жана биздин өлкөдөн эс алуучуларды чыгаруу жана медицина кызматкерлеринин кызматташтыгын арттыруу боюнча жол картасын түзүү көрсөтүлгөн.

Башканы айтпайын, биздин борбордун планында Жалал-Абаддагы онколог ак халатчандарды Өзбекстанга чакырып, алардын билим деңгээлин эл аралык стандарттарга жооп берген кесипкөй адис катары даярдап, мындагы онкологиялык сервисти жакшыртууну көздөөнү пландоодобуз»,-деди Б. Пирназаров.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкентте жолугушуп, кызматташтык боюнча 16 документке кол коюшкан.

Коңшу өлкөдөн келген дарыгерлердин сапары эртең Бишкек шаарында, кийин Ош жана Баткен облустарында болмокчу.