“Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркына фотокапкандар орнотулду

“Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркына фотокапкандар орнотулду

NABU Кыргызстан уюмунун көмөгү менен “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркындагы Көк-Арт жана Кылдоо участкаларына бир нече фотокапкандар коюлду.

Алгач NABU Кыргызстан уюмунун мүдүрү Толкунбек Асыкулов фотокапкандардын жапайы жаныбарлардын жүрүм-турумун байкоодо мааниси чоң экенин айтып, мындай жабдуулар мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүүдө натыйжалуу курал болуп саналарын белгиледи.

Андан соң уюмдун “Мониторинг” бөлүмүнүн башчысы Жыргал Сагындыков фотокапкандарды коюу боюнча тренинг өтүп, алардын иштөө принциби, туура жайгаштыруу ыкмалары боюнча практикалык көндүмдөр менен тааныштырды. 

Тренингден кийин кызматкерлер парктын аймагындагы тандап алынган жерлерге бир нече фотокапкандарды орнотушту. Башкача айтканда, Көк-Арт участкасы аркылуу таш бетиндеги жазууларга, (петроглифке) баруучу чоң капчыгайга, ал эми Кылдоо участкасынын бир нече алыскы аймактарына орнотушту. 

Аталган аймактарда аюу, тоо эчки, марал сыяктуу жапайы жаныбарлар көп экенин айткан парктын директору Атайбек Камбаралиев, фотокапкандар үчүн NABU Кыргызстан уюмунун жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, бул иштер “Саймалуу-Таш” МЖПдагы жапайы жаныбарлардын популяциясын изилдөө жана коргоо максатында жүргүзүлүп жатат.