Жалал-Абадда жергиликтүү бюджеттин эсебинен реконструкциялоодон өткөрүлгөн эки көчө пайдаланууга берилди

Жалал-Абадда жергиликтүү бюджеттин эсебинен  реконструкциялоодон өткөрүлгөн эки көчө пайдаланууга берилди

Жаңыдан пайдаланууга берилген М.Исакулов жана Эркиндик көчөлөрү буга чейин тар жана тегиз эмес болуп, айдоочуларды бир топ түйшүккө салып келген. Учурда  аталган жолдор кеңейтилип, атайын унааларды токтотуучу жайларыда каралган. 

М.Исакулов көчөсүнүн асфальт төшөлгөн бөлүгү 420 метр, туурасы 13,5 метрди түзөт. Ал эми Эркиндик көчөсүнүн кеңейтилип, асфальт төшөлгөн бөлүгү 210 метрди, туурасы 14 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, аталган көчөлөргө асфальт төшөөдөн сырткары эки тарабына тротуар куруу, темир-бетон арык куурларын жаткыруу жумуштары да жүргүзүлдү. Курулуш иштерин жергиликтүү бюджеттен мэриянын жол башкармалыгы  жүргүздү.