Жалал-Абад: облус жетекчиси кореялык инвестор менен кызматташтыкты талкуулады

Жалал-Абад: облус жетекчиси  кореялык инвестор менен кызматташтыкты талкуулады
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Корея Республикасындагы ишкер, ден соолукту чыңдоо жаатындагы “Чи-кап” программасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Kang Moonsik менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында Жалал-Абад облусунун туристтик аймактарындагы саркынды сууларды тазалоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери кеңири талкууланды. Облустун ыйгарым укуктуу өкүлү аймактын инвестициялык потенциалы, анын ичинде инфратүзүм жана туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берип, өзгөчө саркынды суу системасын жолго коюуда олуттуу көйгөйлөр бар экенин белгиледи.
Ошондой эле, жолугушууда саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык маселеси козголду. Тилек Текебаев кореялык ишкерге облустук оорукананын жаңы, жети кабаттуу имаратынын курулушу башталганын маалымдап, аталган жайда “Чи-кап” программасын уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Бул багытта инвестор менен облустук оорукананын тез жардам бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып чыкты.
“Чи-кап”— бул организмдин жалпы абалын текшерүүгө багытталган комплекстүү медициналык кароодон өткөрүү кызматы болуп саналат. Анын жардамы менен ар кандай анализдер жана медициналык процедуралар жүргүзүлүп, мүмкүн болгон ооруларды эрте баскычта аныктап, алардын өрчүп кетишинин алдын алууга мүмкүнчүлүк жаратат.
Тилек Текебаев кореялык инвестор Kang Moonsik менен кызматташууну мындан ары да улантуу ниетин билдирип, тараптар биргелешкен натыйжалуу программаларды ишке ашыруу багытында тийиштүү аракеттер көрүлөрүн белгилешти.