Москвада ис газына ууланып каза болгон аксылык эки жигиттин сөөгү жерге берилди

Москвада ис газына ууланып каза болгон аксылык эки жигиттин сөөгү жерге берилди

Маалым болгондой, окуя 5-май күнү Москвадагы кампалардын биринде болгон. Анда 24 жаштагы эки жигит бир күн мурун туулган күн тосууга барып, түнү менен уктабай, эртеси жумушка, кампага барып газ менен иштеген жылыткычты жагып, уктап калып, каза болгон.

Аталган кырсыкты Москвадага «Аксы» коому да ырастап, каза болгон эки кыргызстандык сөөгүн кичи мекеменине жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдаоып, акча каражатын чогултуп бергенин ырастады.

Маркумдардын сөөгү 10-майда Аксыга жеткирилип, жерге берилген.